Биз менен байланышыңыз

Баткенде Президенттин атынан ооз ачар уюштурулду

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 245 | 0

Бүгүн, 29-апрелде Баткен шаарында 2021-жылдын 28-30-апрель күндөрү чек арада катталган каргашалуу окуяда каза болгон 36 жарандын урматына Президент Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар (ифтар) уюштурулду.

Ооз ачарга облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев, бир катар министрлердин орун басарлары, Министрлер кабинетинин бир катар жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек арада орун алган каргашалуу окуяда шейит кеткен 36 жарандын үй-бүлөсү, жакындары ошондой эле жаракат алган 173 жаран катышты.

Ооз ачууга келгендер үчүн атайын сый тамак уюштурулуп, шейит кеткен 36 жаранга багышталып куран окулуп, дуба кылынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM