Биз менен байланышыңыз

Токаев Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум болорун жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 555 | 0

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казакстан эл Ассамблеясынын жыйынында өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү киргизүүгө референдум өтө турганын жарыялады. Бул тууралуу Orda.kz басылмасы жазды.

Токаев референдум ар бир жарандын өлкөнүн өнүгүү багытын тандоосуна мүмкүнчүлүк түзөт жана өлкөнү демократиялаштыруу багытын дагы да бекемдейт.

«Менин демилгем менен өзгөртүлүп жаткан Конституция фундаменталдык мүнөзгө ээ болуп, өлкөнүн саясий системасы түп-тамырынан өзгөртөт. Биз жаңы мамлекеттик башкаруу моделине өтүп, мамлекет менен коомдун байланыш форматын жаңылайбыз. Мындай сапаттуу өзгөрүүнү биз Экинчи Республика деп атасак да болот. Жумушчу топтун аракети менен Башмыйзамдагы 33 берене өзгөртүүгө даярдалды. Бул Конституциянын 4/3 бөлүгү дегенди түшүндүрөт. Мыйзам долбоор учурда Конституциялык кеңешке жиберилди, эми алар да өзүнүн оңдоп-түзөөсүн киргизет», — деп билдирген казак президенти.

Ошондой эле бир айдан соң, «Улуттук курултай» баарлашуу аянтчасынын алгачкы жыйыны болот. Ага Ассамблея өкүлдөрү, укук коргоочулар, ар бир аймактын өкүлдөрү, жарандык коом, бейөкмөт уюмдар жана бизнес ассоциациялардын өкүлдөрү, өндүрүшчүлөр да катышат. Анда өлкөнүн Башмыйзамына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр тууралуу талкуу болуп, сунуш-пикирлер алынат.

Белгилей кетсек, Токаев буга чейин Казакстан парламенттик-президенттик башкарууга өтө турганын, супер-президенттик башкаруу натыйжасыз экенин айткан болчу.

Супер президенттиктен баш тартуу, күчтүү парламенттик башкарууга өтүү. Токаевдин элге кайрылуусу

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM