Биз менен байланышыңыз

Акын, журналист Зайырбек Ажыматовго эстелик тургузулду

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 835 | 0

Бүгүн, 29-апрелде КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматовдун кабырына эстелик коюлду.

Ага белгилүү коомдук-маданий ишмерлер, замандаштары катышып, акындын чыгармачылыгын, өмүр жолун эскеришти.

Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, 2001-жылдарда уюштурулган Эл аралык «Нурборбор» чыгармачыл академиясынын (мурдагы Чыгармачыл жаштардын республикалык «Нурборбор» коомдук бирикмеси) алгачкы муунунун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматов атындагы Жаштар сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында туулган.

1993-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетинде окуган. Студент кезинде республикалык коомдук-маданий «Обон» гезитинде штаттан тышкаркы кабарчы, «Улут ыйманы» гезитинде редактордун орун басары болуп иштеген.

1998-2001-жылдары коомдук-саясий «Асаба» гезитинде кабарчы болгон. 2001-2005-жылдары жеке чыгармачылыгы менен алектенген.

2005-2006-жылдары «Кыргыз Туусу» гезитинде, 2006-2007-жылдары «Бишкек таймс» гезитинде кабарчы, 2007-2009-жылдары Кыргыз радиосунда баяндамачы, 2009-2012-жылдары «Жаңы Агым» гезитинде кабарчы болуп иштеген. 2012-жылдан өмүрүнүн акырына чейин «Азаттык» радиосунда адабий-маданий уктуруулар боюнча баяндамачы болуп эмгектенип келген.

Ырлары 1990-жылдардан тарта райондук жана республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыяланып келген.

«Жалгыздык» (1996), «Мелмил» (2005), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019) ыр жыйнактарынын автору. Республикалык жана эл аралык масштабда өткөрүлгөн бир нече кароо-сынак, фестивалдардын лауреты.

2020-жылы 29-апрелде 44 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Copyright © 2017 Maral FM