Connect with us

Жапаров Бишкекти ар тараптуу өнүктүрүүгө багыт алганын жарыялады

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 562 | 0
Сүрөт: Влад Ушаков

Бүгүн, 29- апрель Бишкек шаарынын күнү. Буга карата президент Садыр Жапаровдун куттуктоосу жарыяланды.

Ордо калаанын шаар болуп түзүлгөндүгүнө 144 жыл толду. Жапаров куттуктоосунда борбор калааны ар тараптуу өнүктүрүүгө багыт алганын жарыялады.

Учурда «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында 40 миңге жакын бак-дарак жана бадал өсүмдүктөрү отургузулду. Бул иш-чара дагы улантылат. Президенттин айтымында, Бишкектин кечки көрүнүшүнө да кам көрүлүп, жарыктандыруу иш-чаралары ийгиликтүү аткарылууда.

Мындан тышкары, газ менен жүрө турган сыйымдуулугу чоң автобустарды сатып алуу быйылкы жылы ишке ашырылат. Ал эми абанын сапатын жогорулатуу максатында эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, комлекстүү долбоорлор ишке ашырылат.

«Санарип Кыргызстан 2019-2023» концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткаруу алкагында «Акылдуу Бишкек» — «Келечек — 2030» концепцияларынын долбоорлору даярдалган. SMART-мектептердин ишин уюштуруу да пландалууда.

Мындан сырткары, борбордо 15 мектеп, 1 бала бакча курулуп жатат. Алтын-Ордо, Рухий Мурас, Мурас-Ордо, Ак-Бата, Ак-Ордо, Ак-Босого, Көлмө конуштарында жаңы мектептер салынууда.

«Баш калаабызда болуп жаткан бардык алгылыктуу өзгөрүүлөр Бишкек шаарынын жаркын келечегине багытталган. Бул, албетте, биздин жайлуу жана коопсуз жашообуз үчүн эле эмес, кийинки муундардын бакубат жашоосу жана өркүндөп-өсүүсү үчүн да өтө маанилүү. Бишкек шаары эң жогорку эл аралык стандарттарга жооп берип, дүйнөлүк тажрыйбанын алдыңкы үлгүлөрүн колдонуу менен, ошол эле учурда өзүнүн өзгөчөлүгүн жана кооз көрүнүшүн сактоо аркылуу жаңыланып, жакшырып турууга тийиш. Анткени борбор шаарыбыз — бүтүндөй Кыргызстандын жүзү» , — деди президент.

Copyright © 2017 Maral FM