Биз менен байланышыңыз

Салыктык карызы барларга көрүлө турган чаралардын тизмеси

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 865 | 0

Учурда салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды мажбурлап өндүрүү аракетин көрүүдө. «Сот аткаруучунун статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» мыйзамда каралган механизмдерди колдонуу менен карызы бар салык төлөөчүлөргө карата мажбурлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:

– карызкордун банктардагы жана казыналыктардагы эсептерин, ошондой эле баалуу кагаздарын, мүлкүн камакка алуу;

– карызкордун Кыргызстандан чыгуусуна убактылуу тыюу салуу;

– кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоого тыюу салуу;

– банк операцияларын жүргүзүүгө тыюу салуу;

– карызкордун аты-жөнүн жана башка паспорттук маалыматтарын алмаштырууга тыюу салуу;

– лотереялык утуштарды, белектерди, материалдык жардам же мурас катары алынган акча каражаттарын жана/же башка мүлктү жана башкаларды алууга тыюу салуу.

Мындан тышкары, соттордун салык органдарынын пайдасына чыгарылган чечимдери боюнча мамлекеттик алымды төлөө милдети жоопкерге (салык төлөөчүгө) жүктөлөт.

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдөн жагымсыз кесепеттерди болтурбоо үчүн карыздарын толук көлөмдө өз убагында төлөп берүүсүн өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM