Биз менен байланышыңыз

Кыз-келиндер күрөшү үчүн спортзалдын курулушу башталды

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 547 | 0

Бишкек шаарында Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы үчүн спортзалдын курулушу башталды. Бүгүн, 29-апрелде президент Садыр Жапаров ага капсула салды.

Буга чейин Жапаров спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, спортту өнүктүрүү максатында кыз-келиндер күрөшү үчүн спорт зал курууга жер тилкесин бөлүп берүүнү тапшырган.

Президент 20 жыл ичинде балбан кыздар көптөгөн эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргоп келишкенин белгиледи.

«Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер күрөшү 2000-жылдардан башталат. Бул — тарыхта кала турган өзгөчө күн. Кыз-келиндер үчүн оңойго турбаган спорттун бул түрү боюнча ийгиликке жетишкен даңазалуу кыргыз кыздарынын ысымдары эч качан унутулбайт», — деди Жапаров.

Президент учурда күрөш чөйрөсүндө көйгөйлөр да бар экенин моюндап, бардык спорт тармагында эл аралык стандарттарга ылайык шарттардын жоктугун айтты. Анын ичинен машыгуу залдарынын жоктугу чоң көйгөй.

Долбоорго ылайык, спортчулардын карамагында 1875,2 чарчы метр аянтта күрөш залдары, 16 орундуу ашканасы жана башкалар бар.

Долбоордун сметалык баасы 98677,22 миң сом, тендердик баасы 81573,98 миң сом. Учурда мекемеде спорт залдын имаратын куруу үчүн пайдубал чуңкуру казылды.

Президент «Жаштык» спорт комплексинин ишмердиги менен да таанышып, комплексти капиталдык оңдоого бюджеттен 20 миллион сом бөлүү маселесин кароону тапшырды.

Кыз-келиндер күрөшү менен машыга турган спорт зал курууга жер тилкеси Бишкек шаарындагы А. Малдыбаев көчөсүндөгү «Ататүрк» сейил багынын жанындагы «Жаштык» дирекциясынын аймагынан бөлүнүп берилген. Жашыл көчөт курчаган аймакты кошуу менен бөлүнгөн тилкенин жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт.

Спорт зал пайдаланууга берилгенден кийин Дене тарбия жана спорт департаментинин балансына өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM