Биз менен байланышыңыз

Ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 361 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев жарандык авиация тармагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев ички каттамдардын санын көбөйтүү максатында кичи авиацияны өнүктүрүү, ошондой эле жарандык авиация тармагында кадрларды даярдоо зарылдыгын белгиледи.

Бакыт Төрөбаев министрликтин алдына ички каттамдардын санын көбөйтүү, тиешелүү кадрларды даярдоо жана ички аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу максатында мамлекеттик программаны кабыл алуу боюнча чечимдин долбоорун даярдоо милдетин койду.

Белгиленгендей, жакынкы аралыкта ички авиакаттамдардын саны көбөйтүлөт.

Ошондой эле ата мекендик авиакомпанияларды Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесинен чыгаруу боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM