Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова эки жумада сакайып чыгат

Кыска кабар , Спорт | 28 Апр 2022 | 704 | 0

Монголияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында бутунан жаракат алган кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова эки жумада айыгат. Бул тууралуу машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.

Анын айтымында, Тыныбекова учурда ден соолугун калыбына келтирип жатат. Ошол эле учурда булчуңун чыңоону, башка көнүгүү, машыгууларын токтоткон жок. Негизи спортчулар жаракат алып калса, башка машыгууларын жасай беришерин белгиледи Нурбек Изабеков.

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Одзаки менен күч сынашкан. Беттештин экинчи бөлүгүндө Нонока Одзаки атаандашынын бутун бириктире кармап оодарганда Айсулуу бутун кокустатып алып, күрөштү мөөнөтүнөн мурда токтотууга аргасыз болгон.

Азия чемпионатына Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча 21 балбаны барып, 14 медаль менен кайтып келишти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM