Биз менен байланышыңыз

Бишкекте улан-кыздар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Кыска кабар , Спорт | 28 Апр 2022 | 628 | 0

Бишкекте 19-26-июнда 17 жаштан 23 жашка чейинки улан-кыздар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт.

Бул тууралуу 28-апрелде өткөн маалымат жыйында Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Ага 25 мамлекет спортчуларын жиберерин айтышкан. Чемпионаттын ачылыш аземине Азия күрөш федерациясынын жетекчиси Даулет Турлыханов жана Дүйнөлүк күрөш федерациясынын президенти Ненад Лалович катышат.

Чемпионат республикалык бюджеттен жана жергиликтүү, эл аралык күрөш федерацияларынан каржыланат.

Эске салсак, буга чейин Монголияда өткөн Азия биринчилигине кыргызстандык балбандардын баруусуна акча кеч бөлүнүп, бул коомдо нааразылык жараткан. Бул чемпионатта Кыргызстан өз тарыхында биринчи жолу 14 медаль утту.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM