Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 1979 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Маралга» өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу келип түшкөн.

Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедуралары инфаркт миокардды тастыктаган жок, бирок жүрөк-кан тамыр спазмы аныкталган. Учурда Жапаровдун абалы канааттандырарлык.

Дарыгерлердин консилиумунда Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жатуу шартында калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM