Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: 20 жылдай тышкы иштер министри болгон Камилов кызматтан кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 1275 | 0

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка Шавкат Мирзиёев кол койгон.

Ал мындан ары Өзбекстан президентинин алдындагы Коопсуздук кеңешинин башкы катчысынын  тышкы саясат, коопсуздук маселелери боюнча орун басары кызматын аркалайт.

Ал эми Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин Владимир Норов аткарат. Буга чейин Абдулазиз Камиловдун оорусуна байланыштуу жумушка чыкпай жатканы расмий кабарланган. Ал «Өзбекстан Донецк жана Луганск аймактарынын эгемендигин тааныбайт» деген билдирүүсүнөн кийинки күнү эле, тагыраагы, 29-мартта «ооруп» калган.

Өзбекстандын башкы дипломаты Абдулазиз Камилов 1994-2003-жылдары жана 2012-2022-жылдары, жалпысынан 20 жылдай тышкы иштер министри кызматын аркалаган. Ал советтик доордо СССРдин Ливан, Сирия өлкөлөрүндөгү элчиси болгон. Өзбекстан эгемендик алгандан кийин ТИМ орун басары, АКШ, Канада, Бразилиядагы толук ыйгарым укуктуу элчи, университет ректору кызматтарында иштеген.

Өзбекстан Луганск менен Донецкти мамлекет катары тааныбайт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM