Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан Луганск менен Донецкти мамлекет катары тааныбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Мар 2022 | 1545 | 0

Биз Украинанын көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн жактайбыз. Мындай пикирин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 17-мартта Олий Мажлистин пленардык жыйынында билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Ал бүгүн, 17-мартта Олий Мажлистин XXIV пленардык жыйынында баяндама жасап, Өзбекстан Луганск менен Донецкти өз алдынча өлкө катары тааныбай турганын баса белгилеген.

Министр өз сөзүндө Өзбекстандын позициясын айтып, Украинадагы окуяларга токтолгон.

«Биринчиден, Украинанын айланасындагы кырдаал Өзбекстанда олуттуу тынчсызданууну жаратууда. Экинчиден, Өзбекстан кырдаалды дипломатиялык жол менен чечүүнү жактайт. Ал үчүн биринчи кезекте согуштук аракеттерди, зордук-зомбулукту токтотуу керек. Өзбекстан Орусия менен да, Украина менен да жакшы мамиледе. Улуттук кызыкчылыктардын негизинде биз эки өлкө менен кызматташтыкты улантабыз», — деген министр.

Ал ошондой эле Орусия Өзбекстандын эң ири соода өнөктөшү экенин, Украина менен да жакшы кызматташып жатканын айтып, «Өткөн жылы Киев менен болгон соода жүгүртүү 704 миллион долларды түзгөн», — деп кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM