Журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов соттун чечимисиз эле тыңшоо жана башка нерселер кооптонуу жаратпай койбойт деген ойдо.
«Негизи бизде УКМК өзүнө реформа жасап, «чалгындоо жана контрчалгындоо» деген түпкү максатына өтүшү керек. А бизде УКМК каражатын да, кадрларын да, убактысын да көбүнчө ички саясий оппоненттер менен күрөшүүгө жумшап жүргөнү өкүнүчтүү. Ошол мыйзам мына ушул нерсени күчөтөт да. Ал жагынан туура эмес. Телефон тыңшоо жана башка нерселер оппоненттерге багытталышы мүмкүн. Жакында эле оппозициячыл фракциянын төрагасы Мадумаров айтпадыбы: «Мен отурган жерге тыңшоочу аппараттарды орнотуп жатат, эки жолу таап алдык», — деп. Мына ошондой нерселер өкүнүчтүү. Оппонентеринин баскан-турганын аңдып, артынан түшүп алганы өкүнүчтүү».
Эл өкүлү Адахан Мадумаров да комитеттин жыйынында бул сунуш Башмыйзамга каршы келерин айтып, четке кагууга чакырган. Ал адамдардын ар-намысы, кат алышуусу, сүйлөшүүсү корголушу керектигин белгилеген.
УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков билдиргендей, аталган мыйзам долбоору кыргыз элинин, мамлекеттүүлүгүнүн бүтүндүгүнө жана туруктуулугуна чоң таасир эте турган мыйзамдардын бири болуп саналат.
«Уга турган, жаза турган аппратттардын баары биринчиден, коомдук жайларда болот. Экинчиден, уга турган аппарат сотко канчалык таасирин тийгизе турганы башка кеп. Бирок бизде мыйзам кабыл алууда оппозицияга же башка адамдарга такалбашыбыз керек. Жалпысынан 6,5 млн элдин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Ал эми бир чоң топту же оппозицияны ойлой берсек, иш алдыга жылбайт. Себеби оппозициялык кыймылдар алмашып жатат, кечээ эле оппозиция болуп жүргөндөр бүгүн бийликте отурат. Алар да түбөлүк бийликте калбайт. Алардын ордуна бүгүнкү оппозиция келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай мыйзамдарды колдонууга алып келүү бүгүнкү күндүн талабына ылайык. Эгерде мыйзам ушул негизде колдонула турган болсо, акыйкат, туура жана укуктук мааниде жакшы жагы көп болот».
Ошондой эле ал кээ бир кара ниет кызматкерлердин бир партиялык же кландык системага иштебесине эч ким кепилдик бере албай турганын, бирок ага карабастан мыйзамды чочулабай кабыл ала берүү керектигин кошумчалады.
«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттеги түзөтүүлөрдү эске алуу менен экинчи окууда кабыл алынды. Үчүнчү окууда редакциялык гана өзгөртүүлөр киргизилет.