Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынды. Буга чейин мыйзамдын долбоорундагы «УКМК жарандарды соттун чечимисиз эле тыңшап, үйүнө, ишине жашыруун камера коё алат» деген берене коомчулуктун тынчсыздануусун жараткан. УКМК ал мыйзам улуттук коопсуздукту сактоо үчүн кабыл алынып жатканын билдирген. Мыйзамдын оң жана терс жактарына алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында бир топтом менен келген 5 мыйзам долбоору, алардын ичинде «Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Жыйында баяндама жасаган Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чынгыз Айдарбеков бул мыйзамга депутаттардан 50дөн ашуун сунуш жана түзөтүү түшкөнүн, баары эске алынганын белгиледи.
Мыйзам долбоор улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салууга, милдеттерин жана иштөө принциптерин аныктоого багытталганы айтылды. Мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгүндө «телефон сүйлөшүүлөрдү тыңшоо, менчик жерге камера коюу укуктук кызмат адамынын жүйөлүү токтомунун негизинде гана аткарылат» деп жазылган. Бул «УКМК жарандарды соттун чечимисиз тыңшап, жеке менчик жайларга жашыруун камера коё алат» дегенди түшүндүрөт. Себеби Конституциянын 29-беренесинин 3-бөлүгүндө укуктарды чектөөгө сот чечиминин негизинде гана жол берилери жазылган.
Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов бул мыйзам долбоору кылмыш кылгандарга гана иштей турганын, жалпы жарандар үчүн кооптонууга негиз жок экенин билдирди.
«Ар бир адамдын телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалып, бардык менчик жерге камера коюлбайт. Эгерде себеп болсо, кылмышка шектүү адамдарга гана коюлат. Мамлекеттин бүтүндүгү бизге сөзсүз керек. Буга эч бир адам кайдыгер карай албайт. Ошондуктан уруксат берип жатабыз. Эгерде кылмыш кылып жаткан болсо, депутат болобу, чиновник болобу, жөнөкөй адам болобу, ким гана болбосун, жооп бериши керек. Аны атайын кызмат иликтеп чыгып, далилдеп бериши зарыл. Эгерде сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугу деп эле кылмышкерди коргой бере турган болсок, анда биз жакын арада өзгөрбөйбүз».
Журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов соттун чечимисиз эле тыңшоо жана башка нерселер кооптонуу жаратпай койбойт деген ойдо.
«Негизи бизде УКМК өзүнө реформа жасап, «чалгындоо жана контрчалгындоо» деген түпкү максатына өтүшү керек. А бизде УКМК каражатын да, кадрларын да, убактысын да көбүнчө ички саясий оппоненттер менен күрөшүүгө жумшап жүргөнү өкүнүчтүү. Ошол мыйзам мына ушул нерсени күчөтөт да. Ал жагынан туура эмес. Телефон тыңшоо жана башка нерселер оппоненттерге багытталышы мүмкүн. Жакында эле оппозициячыл фракциянын төрагасы Мадумаров айтпадыбы: «Мен отурган жерге тыңшоочу аппараттарды орнотуп жатат, эки жолу таап алдык», — деп. Мына ошондой нерселер өкүнүчтүү. Оппонентеринин баскан-турганын аңдып, артынан түшүп алганы өкүнүчтүү».
Эл өкүлү Адахан Мадумаров да комитеттин жыйынында бул сунуш Башмыйзамга каршы келерин айтып, четке кагууга чакырган. Ал адамдардын ар-намысы, кат алышуусу, сүйлөшүүсү корголушу керектигин белгилеген.
УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков билдиргендей, аталган мыйзам долбоору кыргыз элинин, мамлекеттүүлүгүнүн бүтүндүгүнө жана туруктуулугуна чоң таасир эте турган мыйзамдардын бири болуп саналат.
«Уга турган, жаза турган аппратттардын баары биринчиден, коомдук жайларда болот. Экинчиден, уга турган аппарат сотко канчалык таасирин тийгизе турганы башка кеп. Бирок бизде мыйзам кабыл алууда оппозицияга же башка адамдарга такалбашыбыз керек. Жалпысынан 6,5 млн элдин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Ал эми бир чоң топту же оппозицияны ойлой берсек, иш алдыга жылбайт. Себеби оппозициялык кыймылдар алмашып жатат, кечээ эле оппозиция болуп жүргөндөр бүгүн бийликте отурат. Алар да түбөлүк бийликте калбайт. Алардын ордуна бүгүнкү оппозиция келиши мүмкүн. Ошондуктан мындай мыйзамдарды колдонууга алып келүү бүгүнкү күндүн талабына ылайык. Эгерде мыйзам ушул негизде колдонула турган болсо, акыйкат, туура жана укуктук мааниде жакшы жагы көп болот».
Ошондой эле ал кээ бир кара ниет кызматкерлердин бир партиялык же кландык системага иштебесине эч ким кепилдик бере албай турганын, бирок ага карабастан мыйзамды чочулабай кабыл ала берүү керектигин кошумчалады.
«Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө» мыйзам долбоору парламенттеги түзөтүүлөрдү эске алуу менен экинчи окууда кабыл алынды. Үчүнчү окууда редакциялык гана өзгөртүүлөр киргизилет.