Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын сурдлимпиада спортчулары Бразилияга жөнөп кетти

Кыска кабар , Спорт | 27 Апр 2022 | 657 | 0

Бүгүн, 27-апрелде Кыргызстандын сурдлимпиада спортчуларын Бразилияда өтө турган эл аралык олимпиадага узатуу салтанаты болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Узатуу салтанатына келген департамент директору Канат Шабданбаев спортчуларга ийгилик каалап, Кыргызстандын туусун тапшырды.

Айта кетсек, 1-майдан 5-майга чейин Бразилиянын Кашиас-ду-Сул шаарында ХХIV жайкы Сурдлимпиада оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан спорттун беш түрүнөн 14 спортчу жөнөп кетти.

Катыша турган спортчулардын тизмеси:

Грек-рим күрөшүнөн:

Жумакадыров Смадияр,

Бибельдиев Дилмухамед,

Фархад Ушуров — башкы машыктыруучу,

Арам Акопян — улук машыктыруучу.

Эркин күрөштөн: 

Исаков Алмаз,

Марков Миляс.

Дзюдодон:

Каналбек уулу Ильгиз,

Орозали уулу Байсалбек,

Мидин уулу Хажимукан,

Шабдыбеков Бектурсун,

Даниярова Айтурган,

Кладнов Сергей.

Таэквондо WTF боюнча: 

Мавлонов Азамат,

Азиз уулу Атай,

Жаналиева Гүлжан,

Дмитрий Понамёров – башкы машыктыруучу.

Жеңил атлетика боюнча: 

Эркин уулу Арген,

Алексей Намуратов — башкы машыктыруучу.

Спортчуларды дарыгер Бактыгүл Алишова да коштоп жүрөт.

Сурдилимпиада (сурдоолимпиада) — кулагы укпаган спортчулардын олимпиадалык оюндары. Ал эң биринчи жолу 1924-жылы Франциянын борбору Париж шаарында өткөрүлгөн. 2001-жылга чейин дүйнөлүк аталып келсе, 2001-жылдан тарта эл аралык деген макам берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM