Биз менен байланышыңыз

Юрист депутаттарга дипломдон башка да маанилүү маселелер бар экенин эскертти

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Апр 2022 | 835 | 0

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева «Маралдын» эфиринде Кыргызстан жаңы өнүгүп келе жаткан өлкө болгондуктан «Жогорку Кеңештин депутаттарына жогорку билимдин кереги жок» деген ченемди киргизүүнү туура көрбөгөнүн айтты.

Ал Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу жана парламенттик көзөмөл жүргүзгөн орган болгондуктан депутаттардын жогорку билими болушу сөзсүз болушу керек деп эсептейт.

Юрист Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын иштеп баштаганына 120 күндөн өтсө да, парламентте тиешелүү мыйзамдар кабыл алына электигин айтып, эл өкүлдөрүн ушул нерселерге көңүл бурууга чакырды.

«Бүгүнкү күндө парламент үч мыйзамды кабыл ала элек: Жогорку Кеңештин регламенти боюнча конституциялык мыйзам; Жогорку Кеңештин статусу боюнча конституциялык мыйзам; парламенттик көзөмөл боюнча конституциялык мыйзам. Диплом боюнча мыйзамдарды азырынча токтотуп, маанилүүлөрүн карап чыксак болмок. Мындан ары конституциялык мыйзамды да фундаменталдуу түрдө ойлонуп чыксак жакшы болот эле. Себеби бир мандаттуу шайлоо системасы Кыргызстанга дал келбеген система болуп калыптыр», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM