Биз менен байланышыңыз

«Дипломсуз билимдүү адам депутат болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырабашы керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 Апр 2022 | 2491 | 0

20-апрелден тарта «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык Жогорку Кеңештин депутатынан жогорку билими жана диплому талап кылынбайт.

Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Жанар Акаев «Маралдын» эфиринде буга чейин депутаттардын жогорку билими жана диплому эч качан талап кылынбай келгенин эскертти.

«Мындан 20 жыл мурун жогорку билимди байлар же колунда барлар гана алган. Анткени көпчүлүгүнүн ата-энесинин мүмкүнчүлүгү жок болгон. Шаарга жөнөтүп, баласын окутуп, анын жашоосун камсыздап бергенге шарт жок болчу. Көбү мигрант болуп кеткен. Алардын арасында бышып, жетилген балдар бар. Анан диплому жок болсо эле «жалаң билимсиз, эшиктен келгендер эле келип отуруп алат» деп айтканы болбойт. Көчөдөгү бирөө парламентке келе албайт. Эң аз дегенде 10 миң добуш алышы керек», — деди ал.

Эл өкүлү мыйзам долбоору мыкты спортчу, мигранттардын көйгөйүн ичинен билген жаран же айылда бир тармакты мыкты өздөштүргөн жөнөкөй тургун жогорку билими жоктугунан депутат болуп, элдин үнүн угуза турган мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калбасын деген максатта жазылганын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM