Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык спортчу 100 тонналык вагонду сүйрөп, рекорд койду

Кыска кабар , Спорт | 26 Апр 2022 | 456 | 0

Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча рекорд койду. Вагондорду сүйрөө 22-апрелде өткөнүн «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы билдирди.

Спортчу жүк жүктөлгөн 4 вагонду дээрлик 8 метр аралыкка чейин сүйрөп барган. Вагондун жүгү менен кошкондогу салмагы 100 тонна 150 кг болгон.

Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданып, 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун ордунан жылдыруу боюнча коюлган жаңы рекордду ал жалпы мекендештерине арнай турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM