Биз менен байланышыңыз

Таалатбек Масадыков ээлеген кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 2790 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Таалатбек Масадыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик админстрациядан билдиришти.

Таалатбек Масадыков 2021-жылдын 12-июлунда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Президент өткөн жылдын 12-июлунда «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөдө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM