Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Таалатбек Масадыков мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттик админстрациядан билдиришти.
Таалатбек Масадыков 2021-жылдын 12-июлунда Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.
Президент өткөн жылдын 12-июлунда «Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруунун айрым маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөдө Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кызматы түзүлгөн.