Биз менен байланышыңыз

Президент кадр саясаты жана командасы тууралуу айтты

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 649 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган маегинде командасы тууралуу суроого жооп берди.

Журналист соцтармакта президенттин айланасында репутациясы начар адамдар топтолуп калганын айткандар бар экенин айтып, командасынын ар бир мүчөсүн өзү тандаганына кызыккан.

Садып Жапаров «жаныңдагыларыңды тазала» деген дүжүр сөзгө айланганын, өз тегерегиндегилердин баарын көзөмөлдөп турарын айтты. Ошондой эле командасындагы кызматкерлердин мурдагы репутациясы кызыктырбай турганын, мындан ара таза иштеши маанилүү экенин билдирди.

Президент эч бир аткаминерге мамлекеттин казынасынан уурдоого жол берилбей турганына ишендирди.

«Мен башында эле сүйлөшкөм. «Мурда кандай иштедиң, ким менен иштедиң, мени кызыктырбайт. Мындан ары таза иштейсиң, уурдабайсың, мамлекет үчүн күнү-түнү дебей иштеп бересиң. Эгер кыйшайсаң камаласың», — деген талап менен иштетип келе жатам. Мамлекет башына келгенден кийин жоопкерчилик мойнуңда болот экен. Сарсанаа болот экенсиң. Мамлекеттин ишин тартып кете турган кадрларды издей баштайт экенсиң. Бирөөнү тапсаң, таза, бирок потенциалы төмөнүрөөк. Бирөөнү тапсаң, эл айткандай, репутациясы начар, бирок мамлекеттик ишти удургуткан бойдон тартып кетет. Анан аны менен ушинтип сүйлөшүп алып иштетишке туура келет экен. Анан эле тиги жегич, бул жаман деп отура берсек алдыга жай жылабыз. Мен азыр эч кимге жегизбейм. Эгер жегенин билип калсак камайбыз. Жегенин жүз эсе кылып кайтартабыз. Мурдагы заман жок азыркы чиновниктерге», — деди Жапаров.

Жапаров казино жана казиного байланган депутат тууралуу айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM