Биз менен байланышыңыз

Жапаров казино жана казиного байланган депутат тууралуу айтты

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 1218 | 0

Президент Садыр Жапаров казинолорду ачуу демилгеси боюнча «Кабар» агенттигине берген маегинде түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, мамлекет Кыргызстандын жарандарынын казиного кирбешине 100% кепилдик берет.

«Ал мыйзам да карала элек азыр. Эгер өтүп калып, мыйзам ишке кирсе, он беш-жыйырма казинону көзөмөлдөй албасак, анда эмнебиз мамлекет? Биздин жарандар кире албайт. Анткени казино ээси лицензияны мамлекеттен бери дегенде бир миллион же бир жарым миллион долларга сатып алат. Эгер кыргыз жаранын ойнотуп жатып кармалса, ал казино лицензиясынан ажырайт деген норма бар. Ошол үчүн казино ээсине кыргыз жаранын киргизүү — коркунучтуу. Андан сырткары УКМК менен ИИМдин кызматкерлери жөн олтурмак беле? Казиного кирген жарандарыбызды кармаса, жоопко тартат. Казиного көнүп калган бир депутат бар. Кол тийбестигим бар деп ошол эле барбаса (тамаша). Кыскасы, биздин жарандар кирбесине мамлекет 100 пайыз кепилдик бере алабыз», — деп айткан президент.

Президент ошондой эле Малайзияны мисал келтирип, аларда да ушундай мыйзам иштеп, өз жарандары кире албасын билдирген.

Президент кадр саясаты жана командасы тууралуу айтты

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM