Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кызматка келгенден бери 3106 гектар жерди кайтардык

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 453 | 0

Жалпы өлкө боюнча биз кызматка келгенден бери 3106 гектар жерди мамлекеттин эсебине кайтардык. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы 1124 гектар, ал эми ушул жылдын 4 айында 1982 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылган.

«Бул – Башкы прокуратуранын иши. Ал эми УКМК 146 гектарга жакын жер тилкесин кайтарды. Илгертен бери ушул мамлекеттин жерлери бекер эле таратылып кеткен экен. Болгондо да чириген байларга бекер берилген. Биз алардын баарын мамлекеттин менчигине кайтарып жатабыз. Анан алар кантип бизди жакшы көрсүн. Жалданма «иликтегич» журналисттерди жалдап алышып жамандатып, элдин пикирин башка нукка бургусу келип жатышат. Биз алдыга койгон максатыбыздан тайбайбыз. Жакшы иштерди жасап, алдыга жыла беребиз. Тарых жана келечек муун биздин ишибизге өз баасын берет», — деген президент.

Ошондой эле президент Бишкекте курулуш курула элек жерлердин баарын мамлекеттин пайдасына кайтарып алып, пайдалуу иштерди жасап жатканын билдирген.

Садыр Жапаров: Тышкы карыз 84 млн долларга көбөйдү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM