Connect with us

«Чет өлкөлүк студенттер медициналык окуу жайларга 3 миң доллар төлөйт»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Апр 2022 | 794 | 0

Алыскы чет өлкөлөрдөн келген студенттердин келишимдик окуу акысы 3 миң доллардан кем болбойт. Мындай чечим медициналык окуу жайларды текшерген комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөнүн билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.

Эгер чет өлкөлүктөр үчүн окуу акысы 3 миң доллардан кем болбосо, студенттердин сапаттуу билим алуусуна өбөлгө түзүлөт.

Бүгүнкү күндө медициналык окуу жайлардын келишимдик окуу акысы эки категорияга бөлүнөт: алыскы чет өлкөдөн келген студенттер үчүн башка акы, жакынкы чет өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн башка акы.

Коңшу өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн медициналык окуу жайда келишимдик окуу акы – 110 миң сомдун тегерегинде.

Ал эми алыскы чет өлкөлүк студенттер үчүн – 125 миң сомдон 225 миң сомго чейин.

Бүгүнкү күндө бул баа реалдуу көрсөткүчкө ээ эмес болуп жатканына байланыштуу келишимдик окуу акысын 3 миң долларга жогорулатуу талабы коюлду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM