Connect with us

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда аба каттамы ачылат

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 768 | 0

Ушул жумада Бишкек – Инчхон (Түштүк Корея) чартердик каттамы ачылат. Бул маселе Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова менен Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын президенти Йонг Хонг Ген башында турган делегациясынын жолугушуусунда айтылды.

Маалыматка караганда, 2023-жылга чейин өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын уюштуруу пландалууда.

Авиакомпаниянын президентинин айтымында, компания 2020-жылдын февраль айында Инчхон-Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алган, бирок пандемиядан улам чек аралар жабылган.

2022-жылдын сентябрында компания алыскы каттамдар үчүн жаңы учактарды алууну көздөгөн. Авиациялык коопсуздук боюнча тестирлөөдөн өткөндөн кийин Кыргызстанга туруктуу каттамдар ачылышы мүмкүн. Бул 2023-жылы болот деп пландалууда.

Бирок ага чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдарлыгын билдирип, аны 28-апрелде ишке ашыруу пландалды.

Copyright © 2017 Maral FM