Биз менен байланышыңыз

Макрон Франциянын президенти болуп кайра шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 467 | 0

Франциянын азыркы президенти Эммануэль Макрон шайлоонун экинчи айлампасында ашынган оңчул атаандашы Марин Ле Пенди ишенимдүү түрдө жеңип, дагы беш жылга кызматында калды.

100% санактан кийин Макрон 58,55%, Ле Пен 41,45% добуш алганы белгилүү болду.

44 жаштагы Макрон соңку 20 жылда эки мөөнөткө шайланган биринчи француз президенти болуп калмакчы. 53 жаштагы Марин Ле Пен президенттик шайлоого үчүнчү жолу катышып жатат. Эки жолкусунда Макронго утулуп калды.

Маалыматтарга караганда, француздардын 28%ы добуш берген жок: 1969-жылдан бери мынчалык массалык бойкот болгон эмес. Мындан тышкары беш жыл мурунку жеңишке салыштырмалуу экинчи турда Ле Пен менен айырма эки эсеге кыскарып, биринчи турда шайлоочулардын 30%ы эки ашынган оңчул талапкерге добуш берген.

Макрон өлкө экиге бөлүнүп калганын моюнга алып, жалпы элдин президенти болууга убада берди.

«Мен үчүн эмес, менин идеяларым үчүн эмес, ашынган оңчулдарды бийликтен четтетүү үчүн добуш бергендерге карыздармын. Мен мындан ары бир лагердин талапкери эмесмин, бардыгынын президентимин», — деди Макрон.

Copyright © 2017 Maral FM