Биз менен байланышыңыз

Азия биринчилиги: Исламбек Орозбеков коло медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 24 Апр 2022 | 388 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эркин күрөш балбаны Исламбек Орозбеков коло медаль тагынды.

74 кг салмакта күрөшкөн Исламбек Орозбеков алгач түркмөнстандык Атамурат Чарлиевди 9:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда казакстандык Нуркожа Кайпановго 15:8 менен утулуп калган.

Коло үчүн намыс талашта өзбекстандык Ихтиёр Наврузовду 11: 0 эсебинде жеңип алды.

Айта кетсек, 19-апрелде башталган күрөш боюнча Азия биринчилиги бүгүн, 24-апрелде жыйынтыкталат. Анда грек-рим, кыз-келиндер, эркин күрөш боюнча балбандар намыс талашты.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 4 алтын, 3 күмүш, 7 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM