Биз менен байланышыңыз

Азия биринчилиги: Улукбек Жолдошбеков коло медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 24 Апр 2022 | 371 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде эркин күрөш балбаны Улукбек Жолдошбеков коло медаль алды.

61 кг салмакта күрөшкөн Улукбек Жолдошбеков чейрек финалда өзбекстандык Жахонгирмирзо Туробовду 6:2 эсебинде утуп алган. Жарым финалда япониялык Рей Хигучиге 14:4 эсебинде жеңишти алдырып жиберген.

Коло медаль үчүн беттеште индиялык Мангал Кадянды 6:4 эсебинде утуп алды.

Айта кетсек, 19-апрелде башталган күрөш боюнча Азия биринчилиги бүгүн, 24-апрелде жыйынтыкталат. Андан грек-рим, кыз-келиндер, эркин күрөш боюнча балбандар намыс талашты.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 4 алтын, 3 күмүш, 6 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM