Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатында бүгүн килемге чыккан 4 балбандын үчөө колого күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 24 Апр 2022 | 845 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинин бүгүнкү айлампасында эркин күрөштөн килемге чыккан 4 балбандын үчөө коло медаль үчүн күчүн сынай турган болду.

61 кг салмакта күрөшкөн Улукбек Жолдошбеков чейрек финалда өзбекстандык Жахонгирмирзо Туробовду 6:2 эсебинде утуп алган. Жарым финалда япониялык Рей Хигучиге 14:4 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Эми ал индиялык Мангал Кадян менен коло байге үчүн күч сынашат.

74 кг салмакта күрөшкөн Исламбек Орозбеков түркмөнстандык Атамурат Чарлиевди 9:0 эсебинде утуп алган. Жарым финалда казакстандык Нуркожа Кайпановго 15:8 менен утулуп калды.

Коло үчүн ал өзбекстандык Ихтиёр Наврузов менен беттеше турган болду.

86 кг салмактагы Саякбай Усупов биринчи беттешинде пакистандык Мухаммад Инамды 6:5 эсебинде жеңип алган. Бирок жарым финалда казакстандык Азамат Даулетбековго 10:0 эсебинде жеңилип калды.

Коло үчүн болгон кармашта ал өзбекстандык Бобур Исламовго кез келет.

92 кг салмактагы Мирлан Чыныбеков индус Вики Викиге утулган. Индиялык финалга өтпөгөндүктөн, Мирлан Чыныбеков килемге кайра чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды.

Айта кетсек, 19-апрелде башталган күрөш боюнча Азия биринчилиги бүгүн, 24-апрелде жыйынтыкталат. Анда грек-рим, кыз-келиндер, эркин күрөш боюнча балбандар намыс талашты.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 4 алтын, 3 күмүш, 5 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM