Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде Арсалан Будажапов коло медаль алды.
79 кг салмактагы Арсалан Будажапов чейрек финалда корей балбаны Бумгуе Сеону 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Бирок жарым финалда индус балбан Балиян Гоуравга 8:5 эсебинде алдырып жиберген.
Коло медаль үчүн болгон беттеште түркмөн балбаны Гурбанмурат Овезбердиев күрөшүүдөн баш тартканы үчүн Арсалан Будажапов автоматтык түрдө жеңүүчү деп табылды.
Муну менен Кыргызстандын байге куржуну 4 алтын, 3 күмүш, 5 коло медаль менен толукталды.