Connect with us

Азия биринчилиги: Алмаз Сманбеков менен Арсалан Будажапов колого күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 23 Апр 2022 | 361 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эки балбаны коло медаль үчүн күрөшө турган болду.

57 кг салмактагы Алмаз Сманбеков алгачкы беттешинде кореялык Сангвон Кимди 4:1 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Экинчи беттеште казак балбаны Рахат Калжанга 6:5 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Эми ал коло үчүн өзбек балбаны Гуломжон Абдуллаев менен күрөшөт.

79 кг салмактагы Кыргызстандын дагы бир балбаны Арсалан Будажапов чейрек финалда корей балбаны Бумгуе Сеону 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңген. Бирок жарым финалда индус балбан Балиян Гоуравга 8:5 эсебинде алдырып жиберди.

Арсалан Будажапов коло үчүн болгон беттеште түркмөн балбаны Гурбанмурат Овезбердиев менен килемге чыгат. Финалдык беттештер бүгүн саат 16:00дө башталат.

Ал эми бүгүнкү беттештерде 65 кг салмакта килемге чыккан дагы бир эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов чейрек финалда Цогбадрах Цевенсуренге далысынан бастырып, алдырып ийген. Монгол балбан финалга чыкпай калгандыктан, кыргыз балбан медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калды.

Айта кетсек, учурда Кыргызстандын байге куржунунда 4 алтын, 2 күмүш, 3 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM