Connect with us

Билим берүү министрлиги: Медколлеждер жабылбайт

Кыска кабар | 23 Апр 2022 | 999 | 0

Медициналык коллеждер атайын лицензия алып, иш жүргүзөт. Андыктан аларды жаап салуу мүмкүн эмес. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин маалымат катчысы Самат Тоялиев «Маралга» билдирди.

Маалымат катчы билим берүү уюмдарын жөн жерден жаап салууга болбосун айтып, ага негиз болгон жагдайларды жана ишке ашыруу жол-жобосун түшүндүрүп берди.

«Билим берүү уюмдары лицензиянын негизинде иштейт. Бул эң негизги документ болуп эсептелет. Ал лицензияны Билим берүү жана илим министрлиги берет. «Лицензияны алып салуу жолдору кандай?» — деп сурасаңар, адегенде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, эскертүү берилет, андан кийин айып пул салынат. Анда да кемчиликтер жоюлбаса, соттук процесс жүрүп, анын негизинде лицензияны кайтарып алууга болот. Дароо эле жаап салууга болбойт да. Ал жерде миңдеген студенттин, мугалимдин тагдыры бар, алар кайсыл жакка барышат? Эки күндөн бери медколледждердин директорлору бизге келип, кат жүзүндө кайрылып жатышат. Алар: «Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эч кандай текшерүү болгон эмес», — деп даттанып жатышат», — деди Тоялиев.

Айта кетсек, буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев студенттердин практикасына шарт түзбөгөнү үчүн 12 медициналык колледжди жабуу жөнүндө буйрукка кол койгон. Ошондой эле тиешелүү чечимдерди кабыл алуу өтүнүчү менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин кадрлар жана уюштуруу иштери бөлүмүнө жана Билим берүү жана илим министрлигине билдирүү жөнөткөн.

Бул боюнча окуу жайлардын жетекчилери Билим берүү жана илим министрлигине кайрылуу жолдоп, Алымкадыр Бейшеналиевдин сунушун кабыл албоону өтүнүшкөн.

Мыйзам боюнча окуу жайларды лицензия берген тарап гана соттун чечими менен жаап коё алат. А окуу жайларга лицензияны Билим берүү жана илим министрлиги берет.

12 медколледждин тагдыры: Окуу жайлар министрдин буйругун аткарууга каршы

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM