Биз менен байланышыңыз

12 медколледждин тагдыры: Окуу жайлар министрдин буйругун аткарууга каршы

Коом , Саясат | 22 Апр 2022 | 2642 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев студенттердин практикасына шарт түзбөгөнү үчүн 12 жеке менчик медициналык колледжди жабуу жөнүндө буйрукка кол койду. Бүгүн ошол медициналык окуу жайлардын жетекчилери нааразылык билдирип, Билим берүү жана илим министрлигине келишти.

Ош облусундагы медициналык колледждин директору Жумакан Омокеева «медициналык атайын орто окуу жайлар жабылат» деген кабарды уккандан бери атайын Бишкекке келип, ушул маселе менен алышып жүргөнүн айтат. Анын пикиринде, саламаттыкты сактоо министринин колледждерди жабуу жөнүндө буйругу юридикалык күчкө ээ эмес. Себеби айтылган 12 медколледж — жеке менчик. Министрдин бул буйругу болгону мугалимдерди, ата-энелерди, студенттерди дүрбөлөңгө салды.

«Биздин медициналык колледждер эки учурда гана жоюла алат: эгерде биз өзүбүз юридикалык жак катары жоюлуп кетсек же соттун чечими менен. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министрлигинин мындай буйруктарды чыгарууга ыйгарым укугу болгон эмес деп эсептейм. Бул буйрукта саналган 12 колледждин бардык директору Билим берүү жана илим министрлигинде чогулуп отурганыбызга бүгүн экинчи күн болду. Анткени лицензия берүүчү – Билим берүү жана илим министрлиги. Ал эми бул министрлик камкордукка алынгандардын кызыкчылыгын коргоого милдеттүү болушу керек».

Саламаттык сактоо министринин буйругу медколледждерди текшерүүнүн негизинде чыкты. К. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетке караштуу Медициналык колледждин директору Эркин Абданбаевдин айтымында, министрлик буйрукта көрсөтүлгөн жагдайлар боюнча бир да жолу текшерүүгө келген эмес. Андыктан министрдин сөздөрү чындыкка дал келбейт.

Буйрукта аты аталган 12 медколледж эки жыл мурун эл аралык аккредитациядан, көз карандысыз компаниялардын текшерүүлөрүнөн ийгиликтүү өткөн.

«Азыркы тапта ар бир медициналык колледж өзүнүн материалдык-техникалык базасына жабдууларды алууга миллиондогон каражат сарптаган. Ар бир колледжде эң аз дегенде 60-100дөй мугалим, техникалык персонал, башка кызматкер бар, тагыраагы, бир колледж көптөгөн жаранды иш менен камсыз кылып жатпайбы. Мисалы, Ысык-Көлдө бир гана медициналык колледж бар. Ага алыс жашагандар да келип окуп кетип жатышат. Эмне үчүн аны жабуу керек? Азыр чет мамлекеттер менен келишимдер түзүлүп, биздин адистерди Японияга, Германияга жөнөтүү мерчемделип жатат».

Мыйзамга ылайык, жеке менчик окуу жайларды лицензия берүүчү тарап гана белгиленген графиктин негизинде жылына бир жолу текшере алат.

Кыргызстандагы медайымдар ассоциациясынын төрайымы Айзат Асанова саламаттыкты сактоо министринин жеке менчик медициналык колледждерди жабуу демилгесин туура деп эсептейт.

Ал бүгүнкү күндө чакан өлкө үчүн 27 медициналык колледж көптүк кылат деген ойдо. Саламаттыкты сактоо уюмдарынын 97%ында бүтүрүүчүлөрүнүн саны зарыл болгондон да ашат. Анын үстүнө бүтүрүүчүлөр өлкөнүн саламаттыкты сактоо уюмдарына иштей бербейт. Орто медициналык билим берүү мекемелеринин окутуу деңгээли эл аралык талаптарга жооп бербейт. Ошол себептен сапатсыз адистер даярдалып чыгууда.

«Биздин ушунча чоң көлөмдө окууну бүтүргөн медайымдарыбыз башка өлкөгө барып иштей алышпайт. Ошондуктан бизге көп медколледждин кереги жок. Саны көп, сапаты жок болуп жатпайбы. Бизге сапаттуу адистер керек. Мамлекеттик колледждер сапаттуу адситерди даярдап чыгарып жатат. Ошолор эле жетиштүү болот. Белгилеп кетейин, бүгүнкү күндө бизде медайымды 1,5 айда даярдаган окуу курстары бар. Эмне үчүн аларга Билим берүү жана илим министрлиги лицензия берет? Кыскасы, бизге начар даярдалган көп сандагы медайымдын кереги жок. Мамлекетке билим деңгээли бардык талапка жооп берген квалификациялуу, компетенттүү медайымдар керек».

Медициналык колледждердин ассоциациясынын президенти Өзгөнбай Станбаев аталган окуу жайлардын көбү талаптарга жооп берерин, бирок арасында сапатсыз адистерди даярдап жаткандар да бар экенин маалымдады. Ал дагы бир жолу комиссия менен текшерип, талдап, андан кийин гана чечим чыгаруу зарыл деп эсептейт.

«Сапаты талапка туура келбеген, начар медициналык колледждер да бар. Бирок баарын жаман дегенге мен макул эмесмин. Бир тараптуу чечим чыгаруу туура эмес. Муну жакшылап талдап, тактап, дагы бир жолу комиссия менен текшерип, анан гана чечим чыгаруу зарыл».

Медицина тармагы боюнча көз карандысыз эксперт Бермет Барктабасова министрдин бул буйругун сынга алды.

Саламаттыкты сактоо министри сунуштарды, кеңештерди, дооматтарды жана сын-пикирлерди гана айта аларын, бирок билим берүү мекемелерин жабуу боюнча буйрук чыгаруу ыйгарым укугуна кирбей турганын айтты.

«Ушул министр өзү мыйзам сактайбы негизи? Ар кандай университеттерди жана колледждерди ачуу, жабуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин эмес, Билим берүү жана илим министрлигинин ыйгарым укугуна кирет. Ошондуктан уруксатсыз буйруктарын тиешелүү министрлик же Министрлер кабинети менен макулдашышы керек».

Маселе боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганыбызда, мекеменин басма сөз катчысы Самат Тоялиев медколледждер жабылбасын айтты.

Ал мыйзамга ылайык, билим берүү уюмун дароо жаап салууга мүмкүн эместигин эскертти. Себеби билим берүү мекемелери лицензиянын негизинде иштеп жатканына байланыштуу аны жаап салуу оңойго турбайт. Ал үчүн атайын жол-жобо белгиленген.

«Билим берүү уюмдары лицензиянын негизинде иштейт. Бул эң негизги документ болуп эсептелет. Ал лицензияны Билим берүү жана илим министрлиги берет. «Лицензияны алып салуу жолдору кандай?» — деп сурасаңар, адегенде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, эскертүү берилет, андан кийин айып пул салынат. Анда да кемчиликтер жоюлбаса, соттук процесс жүрүп, анын негизинде лицензияны кайтарып алууга болот. Дароо эле жаап салууга болбойт да. Ал жерде миңдеген студенттин, мугалимдин тагдыры бар, алар кайсыл жакка барышат? Эки күндөн бери медколледждердин директорлору бизге келип, кат жүзүндө кайрылып жатышат. Алар: «Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эч кандай текшерүү болгон эмес», — деп даттанып жатышат».

Медициналык колледждердин жетекчилери Алымкадыр Бейшеналиевдин буйругун жокко чыгаруу талабын коюшууда. Акыркы чечимди жакын арада Билим берүү жана илим министрлиги чыгарат.

Кыргызстанда 27 медициналык колледж бар. Алардын 12си жеке менчик.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин 17 жеке менчик медициналык жогорку окуу жайды жабуу ниетин билдирген.

Февраль айында министрдин тапшырмасы менен атайын комиссия түзүлүп, медициналык университеттердин клиникалык базасына текшерүү жүргүзгөн. Жыйынтыгында мамлекеттик эмес окуу жайлардын сегизинде гана студенттердин практикадан өтүүсүнө шарт бар экени белгилүү болгон.

Алымкадыр Бейшеналиев 12 медколледжди жабуу буйругуна кол койду

Copyright © 2017 Maral FM