Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жээнбек Кулубаев мурда ээлеген кызматынан бошотулду.
Бүгүн, 22-апрелде Руслан Казакбаев тышкы иштер министри кызматынан бошотулду.
Жээнбек Кулубаев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.