Марал Радиосу

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болду

Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жээнбек Кулубаев  мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Бүгүн, 22-апрелде Руслан Казакбаев тышкы иштер министри кызматынан бошотулду.

Жээнбек Кулубаев президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Exit mobile version