Биз менен байланышыңыз

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматтан кетти

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 1957 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматтан кетти. Бул тууралуу Президенттин администрациясы билдирди.

Казакбаев отставкага өз каалоосу менен кеткени айтылууда.

«Кактус медиа» басылмасы жеке булактарына таянып, Руслан Казакбаевдин ордуна Жээнбек Кулубаев келерин жазды. Ал учурда Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектейт.

Руслан Казакбаев бул кызматка 2020-жылы 14-октябрда дайындалган.

Руслан Казакбаев 1967-жылы 18-майда Талас облусунун Бейшеке айылында туулган.

1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун, 2002-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган. Кыргыз Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангына ээ.

Эмгек жолу:

1992-1994-жылдары – КР улуттук илимдер академиясы;

1995-1996-жылдары – КР ТИМинин консулдук башкармалыгынын үчүнчү катчысы, экинчи катчысы;

1996-1999-жылдары – Кыргызстандын Стамбул шаарындагы өкүлчүлүгүндө вице-консул;

1999-2005-жылдары — КР ТИМинин консулдук кызматынын кеңешчиси, бөлүм башчысы, башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, жетекчиси;

2005-2008-жылдары — Стамбул шаарында башкы консул;

2008-2009-жылдары — тышкы иштер министринин биринчи орун басары;

2010-жылдын апрель айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин — тышкы иштер министри.

2015-жылы «Республика – Ата-Журт» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM