Биз менен байланышыңыз

Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн тосуп алышты

Кыска кабар , Спорт | 22 Апр 2022 | 1294 | 0

Азия чемпионатына барган грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама Монголиядан Кыргызстанга кайтып келишти.

Азия чемпионатынын байге ээлерин, катышуучуларын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси Нурланбек Исмаилов, Күрөш федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов, биринчи вице-президенти Дамирбек Асылбек уулу, спортчулардын ата-энелери, туугандары «Манас» аба майданынан тосуп алышты.

Азия чемпонаты Монголиянын Улан-Батор шаарында 19-апрель күнү башталган. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда 3 алтын, 3 коло медаль жеңип, жалпы командалык эсепте 3-орунду ээледи.

Тынарбек Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков алтын жана Адилхан Нурланбек уулу, Үзүр Жусупбеков, Ким Роман коло медаль алышты.

Спортчулар улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков жана башкы машыктыруучу Азат Эркинбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Азия чемпионаты 25-апрель күнү жыйынтыктайт. Учурда кыз-келиндер күрөшүнүн финалдык беттештери өтүп жатат. Эртең, 23-апрелде эркин күрөш боюнча беттештер башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM