Connect with us

Министрлик акы төлөнө турган жолдорду атады

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 2534 | 0

Чүй облусундагы айлампа жол акы төлөнө турган жол болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ишеним» фракциясынын жыйынында транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.

Анын айтымында, бул жолдо алгач оңдоо иштери жүрөт. Ал үчүн 150 миллион доллар керектелет. Эл аралык стандартка ылайык келтирилгенден кийин акы алына баштайт.

«105 чакырым жолдо реконструкция иштери жүрөт. «Дордой» базарынын айланасында тыгын көп экенин билесиздер, ошол жакка алты тилкелүү жол салууну пландап жатабыз. Калган бөлүктөрү төрт тилкелүү болот. Айланма жол убагында октук басымда 10 тоннага ылайыкталып жасалган, азыр аны 11 тоннага ылайыкташтырабыз. Азыр инвестор издеп жатабыз», — деди Кайыңбаев.

Андан тышкары Өзгөн шаарын айланып өткөн жолго да акы төлөнөт. Учурда техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатат. Май-июнь айларында тендер жүргүзүлөт.

Кыргызстанда акы төлөнүүчү жолдорду куруу пландалып жатканы буга чейин айтылган. Министрликтин маалыматына караганда, «Бишкек-Кара-Балта-Чалдыбар» жолу да акылуу болот. Анын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк аркылуу жүргүзүлөт. Жолдун болжолдуу баасы 300-500 миллион доллар болору айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM