Биз менен байланышыңыз

Айпери Медет кызы Азия чемпиону болду

Кыска кабар , Спорт | 21 Апр 2022 | 328 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыз-келиндер күрөшүнөн 76 кг салмактагы Айпери Медет кызы алтын медаль алды.

Кыз-келиндер күрөшү айлампа системасы менен өтүп, Айпери Медет кызы алгачкы айлампада жапон кыз Юка Кагамини 7:3 эсебинде, экинчи айлампада индус кыз Судеш Кумарини 56 секундда 10:0 эсебинде уткан.

Жарым финалда монгол кыз Ариунжаргал Ганбатты да мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алып, финалга өткөн.

Финалда кайрадан япон кыз Юка Кагами менен бет келип, 5:2 эсебинде жеңип алды.

Айпери Медет кызы жаштар арасында Азия чемпиону, 23 жашка чейинки балбандар арасында Дүйнө чемпиону болгон. 2021-жылы Алматыда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль, Ослодо өткөн Дүйнө чемпиондугунда коло медаль алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM