Биз менен байланышыңыз

Азия чемпиондугу: Мээрим Жуманазарова күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 21 Апр 2022 | 663 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг салмактагы Мээрим Жуманазарова күмүш медаль алды.

Кыз-келиндер күрөшү айлампа системасы менен өтүп, 68 кг салмактагы Мээрим Жуманазарова алгачкы айлампада казакстандык Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде, экинчи айлампада кореялык Сужин Пакты 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Андан соң жарым финалдык айлампада монголиялык Дилгерма Инцсайцанды 7:2 эсебинде жеңип, финалга өткөн.

Финалда ал биринчи айлампадагы атаандашы Мадина Бакбергеновага кайра бет келип, ага 3:2 эсебинде алдырып жиберип, күмүш медаль тагынды.

Айта кетсек, Мээрим Жуманазарова 2021-жылы Алматы шаарында өткөн Азия биринчилигинде алтын медаль алган. Ошондой эле Осло шаарында өткөн Дүйнө биринчилигинде Дүйнө чемпиону болгон. Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль уткан. Дүйнөлүк рейтингде өз салмагы боюнча биринчи орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM