Биз менен байланышыңыз

Иманкулов: Тажик бийлигинин чек араны чече турган саясий эркин көрбөй турабыз

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 265 | 0

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Биринчи радиого» маек берип жатып, кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу маселе жакынкы жылдары чечилиши керектигин айтты.

Ал Тажикстан менен чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо маселесин чечүү көп жылдан бери ишке ашпай, мурас катары азыркы бийликке калганын билдирди.

Ошол эле учурда Иманкулов чек араны чечүүдө Тажикстандын бийлигинин саясий эркин көрө албай турганын ачыктады.

«Мына азыркы бийлик да ошол көйгөйдү чечиши керек. Бирок бүгүн-эртең чечилип калат дегенден да алысмын. Ал үчүн эки тарап отуруп, тынчтык жолу менен сүйлөшүүсү керек. Бул маселени бир тараптуу чечүү мүмкүн эмес. Эгер бир тарап маселени өз алдынча чечем десе, анда бул согуш жолу. Экинчи тарап анын жерлерин тартып алууга эч качан жол бербейт. Ошондуктан жакынкы жылдары чек араны чечүү керек, чечилет. Ал үчүн саясий эрк керек. Менин оюмча, азыркы президент Садыр Нургожоевичтин саясий эрки бар, аракет кылып жатат. Апрелдеги кандуу окуя болгонуна карабастан Тажикстанга барып келди. Бирок биздин байкашыбызча, чек араны чечүүдө тажик тараптын саясий эрки болбой жатат», — деди Иманкулов.

Жапаров мөөнөтү бүткүчө чек ара маселесин чечүү ниетин билдирди

Былтыр апрель айынын соңунда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кол салуу болуп, Кыргызстандын 36 жараны көз жумган. Быйыл 12-апрелде чек арада кайрадан курал колдонулган жаңжал чыгып, 2 аскер жарадар болду. Тараптардын сүйлөшүүлөрүнөн кийин абал тынчыган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM