Биз менен байланышыңыз

Президенттин креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча жарлыгы чыкты

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 649 | 0

Президент Садыр Жапаров «Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

БУУнун Башкы ассамблеясы 21-апрелди дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык ишмердик (креативдүү экономика) күнү деп жарыялады. Мындан тышкары 2021-жыл БУУ тарабынан туруктуу өнүгүү максатында креативдүү экономиканын эл аралык жылы деп жарыяланган.

Жарлык адамдын чыгармачыл жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, экономикадагы инновациялык процесстерди өнүктүрүү, ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, экономиканы диверсификациялоо, экспорттук түшүүлөрдүн көлөмүн, эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууну көздөйт.

Жарлыкка ылайык, креативдүү экономика мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири деп аныкталат. Аны өнүктүрүү концепциясы бекитилип, креативдүү индустриялар классификациясы аныкталып, индустриялар паркы түзүлөт.

2022-жылдын 1-октябрына чейин Креативдүү индустриялар паркынын, анын башкаруу органдарынын, резиденттердин иштөөсүнө, негизги принциптерин аныктоого багытталган ченемдик укуктук актылардын топтому иштелип чыгат.

Жогорку Кеңештин кароосуна «Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө» мыйзам долбоорун киргизилет.

Кыргызстандын креативдүү экономикасы 12 тармакты камтыйт:

-басма иши,

-маалыматтык-коммуникациялык технологиялар (анын ичинде компьютердик оюндар),

-музыка,

-сүрөт,

-коммуникация,

-архитектура,

-жарнама,

-дизайн,

-мода,

-искусство,

-кино,

-зергерчилик.

Copyright © 2017 Maral FM