Биз менен байланышыңыз

АКШ мамлекеттик департаменти журналист Темировго байланыштуу үн катты

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 657 | 0

АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Нед Прайс иликтөөчү журналист Болот Темировдун кылмыш жоопкерчилигине тартылышына байланыштуу пикир айтты.

Анын билдирүүсүн АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Twitter баракчасына жарыялады.

«Адамдын сөз эркиндигине болгон укугу негизги нерсе. Кылмыш иши эч качан эркин медианы коркутуу же басынтуу үчүн колдонулбашы керек. Болот Темировго окшогон эркин журналисттердин оозун жаппай, даңазалоо керек», -деп жазды Ак үйдүн расмий өкүлү.

Быйыл 20-январда Temirov LIVE YouTube каналы «Эки күндө 37 миллион сом кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөө жарыялаган. 22-январда күч органдары анын иштеген кеңсесин тинтүүгө алышып, андан кийин өзүн кармап кетишкен жана кеңседеги компьютерлерди алып кетишкен. Ага чейин журналисттер иштеген жерге кирип келген беткапчан кызматкерлер Болот Темировдун чөнтөгүнө баңгизатын салып коюшканы айтылган. Кийин журналисттин канынан эч кандай баңгизаты табылган эмес.

Бир күндөн кийин эл митингге чыгып, журналисттин бошоулушун талап кылган жана Болот Темиров өлкөдөн эч жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулган.

20-апрелде Темировго каршы дагы эки кылмыш иши козголду, ал 18-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Болот Темиров эки күндөн бери суракка чакырылып жатканын айтууда.

Copyright © 2017 Maral FM