Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионаты: Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы финалга өттү

Кыска кабар , Спорт | 21 Апр 2022 | 516 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде кыз-келиндер күрөшүнөн беттештер башталды. Алгачкы күнүндө килемге чыккан Кыргызстандын балбан кыздары Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы финалга өтүштү. Беттештерди Дүйнөлүк күрөш уюму түз алып көрсөтүүдө.

Кыз-келиндер күрөшү айлампа системасы менен өтүп, 68 кг салмактагы Мээрим Жуманазарова алгачкы айлампада казакстандык Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде, экинчи айлампада кореялык Сужин Пакты 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда монголиялык Дилгерма Инцсайцан менен бет келип, 7:2 эсебинде жеңип алды. Эми ал финалда кайрадан Мадина Бакбергенова менен беттеше турган болду.

Ал эми Айпери Медет кызы алгачкы айлампада жапон кыз Юка Кагамини 7:3 эсебинде, экинчи айлампада индус кыз Судеш Кумарини 56 секундда 10:0 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда монгол кыз Ариунжаргал Ганбатты да мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды. Эми ал финалда Юка Кагами менен күч сынашат.

Айта кетсек, Кыргызстандан барган дагы бир балбан кыз Айсулуу Тыныбекова эртең, 22-апрелде килемге чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM