Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: «Жеңилдетилген насыяны бөлүп алды» деген сөз жалган

Кыска кабар | 21 Апр 2022 | 1471 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев «дыйкандарды колдоого бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны өкмөт мүчөлөрү менен депутаттардын компаниялары бөлүп алышкан» деген маалыматты төгүндөдү.

«Жалгандын да чеги болушу керек! Биз тууралуу такталбаган маалымат таратып, коомчулуктун көңүлүн туура эмес жакка буруп, азык-түлүк кластерине бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын акчасы келбей туруп, «аны бөлүп алды» деген сөз жалган! Кудайга да жакпаган иш! Бул насыя алынган эмес, алынбайт дагы! Өндүрүштө иштеп жүргөн мезгилде, депутат кезимде азык-түлүк коопсуздугу багытында көптөгөн иштерди жасадык. Мына, үч жума мурда эле негизги азык-түлүккө баалар өсүп, эл арасында тынчсыздануу жаралганда мамлекет, элге жардам берүү максатында ушул «Дан Юг», «Мариям Ош» заводдору бааларды турукташтырууга өз салымын кошушту», — деп жазды Төрөбаев «Фейсбук» баракчасына.

Ошондой эле ал учурда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында аракеттер жасалып, дыйкандарга максималдуу шарт түзүүгө чара көрүлүп жатканын билдирген.

Дыйкандарга бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны кимдер алганы айтылды (тизме)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM