Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева дыйкандарды колдоого бөлүнгөн жеңилдетилген насыяны Министрлер кабинетинин мүчөлөрү менен депутаттардын компаниялары алганын айтып чыкты.
Ал насыя алгандардын тизмеси жазылган сүрөттү өзүнүн Twitter баракчасына жарыялады.
«Тышкы карызды тейлөөгө донорлор 10 миллиард сом бөлгөн. Өкмөт бул каражаттын 4 миллиардын дыйкандарга жардам катары насыя берүүнү чечкен, бул жакшы иш. Бирок эмне үчүн тизмеде Министрлер кабинетинин жана Жогорку Кеңештин мүчөлөрүнүн ишканалары жүрөт? Мындай мамлекеттик колдоо карапайым дыйкандардын түшүнө да кирбейт», — деп жазды депутат.
Министрлер кабинети айыл чарба тармагын 6% менен насыялоого 26 млрд сом бөлгөн.
14-апрелге чейин «Айыл чарбасын каржылоо — 10» долбоорунун алкагында берилген насыялар боюнча өкмөттүн маалыматы:
-Талаачылык иштерине 1 миң 716 тарапка жалпы 714 млн 307 миң сом өлчөмүндө насыя берилди.
-Мал чарбачылыгына 2 миң 843 тарапка 1 млрд 460 млн 349 миң сом насыя берилди.
-Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү категориясы боюнча 52 тарапка 115 млн 160 миң сом насыя берилди.
Жалпы үч категория боюнча 4 миң 611 тарап 2 млрд 289 млн 816 миң сом насыя алды.