Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков коло медаль тагынды.
Үзүр Жусупбеков алгачкы беттешинде индус балбан Рави Равини 3:1 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн. Экинчи кармашында Ирандын балбаны Мехди Мохаммад Балихамзедеге 4:1 эсебинде алдырып жиберип, коло байге үчүн күрөшө турган болгон.
Коло үчүн кармашта корей балбаны Жево Пакты 10:1 эсебинде биринчи 3 мүнөттө эле жеңип алды.
Азия чемпиондугунун грек-рим күрөшү боюнча беттештери бүгүн аяктады. Кыргызстандан барган 10 балбандын алтоо медаль алды. Учурда өлкөнүн байге куржунунда 3 алтын, 3 коло медаль бар.
Эртең кыз-келиндер күрөшү боюнча балбан кыздар Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы килемге чыгат.