Биз менен байланышыңыз

Адилхан Нурланбеков Азия чемпионатында коло медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 20 Апр 2022 | 373 | 0

Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков коло медаль тагынды.

Адилхан Нурланбеков биринчи беттешинде эле Ирандын балбаны Мохаммад Реза Мохтариге 0:9 эсебинде алдырып жиберген. А бирок ирандык балбан финалга өткөндүктөн, Нурланбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Үчүнчү орунга болгон беттеште Кыргызстандын балбаны Өзбекстандын балбаны Мирзобек Рахматов бет келип, эсеп 3:3 тең чыгуу менен аяктады. Калыстар акыркы аракетти жасаганы үчүн жеңишти Адилхан Нурланбековго ыйгарышты.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 3 алтын, 2 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM