Биз менен байланышыңыз

Айдоочулар оң рулдуу унааларды такси кызматынан алып салууга каршы чыгууда

Коом , Саясат | 20 Апр 2022 | 1546 | 0

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгы оң рулдуу унааларды такси кызматына пайдаланууга тыюу салууну көздөөдө. Бул жаатта атайын мыйзам долбоору даярдалып жатат. Анткен менен Кыргызстандагы таксилердин дээрлик 90%ы — оң рулдуу унаалар. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, миңдеген айдоочунун ишсиз калуу коркунучу бар. Оң рулдуу такси айдагандар менен маектешип, пикирлерин чогулттук.

Советбек 15 жылдан бери Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыйт. Анын унаасы да оң рулдуу. Андыктан сунушталып жаткан мыйзам долбооруна каршы. Себеби ушул жумушу менен үй-бүлөсүн багып келет. Ансыз да өлкөдө жумуш орун жок болуп жатканда, бул мыйзамды тим эле койсо деген ойдо.

«Макул, оң рулдуу унаалардын баарын жок кылсын, бирок бизге башка жумуш таап беришсин анда. Жогору жактагыларга жумуш сурап барып жатпагандан кийин, өзүбүздүн бала-чакабызды өзүбүз багып жаткандан кийин бул ишти тим эле койсо болмок. Мен 2006-жылдан бери айдап жүрөм жакшынакай эле. Биздин жол талапка жооп бербейт. Биринчи жолдорду оңдошсун. Элди ойлобой эле ар кандай керексиз мыйзамдарды чыгара беришеби? Кыргыз элин тоноп, кыйнаганды жакшы көрүшөт да биздин аткаминерлер».

«Ош-Бишкек» жолундагы унааларды көзөмөлдөгөн диспетчер бул каттамда күнүнө миңге чукул оң рулдуу унаа жүрөрүн белгилеп өттү.

Жүргүнчүлөр өздөрү да оң рулдуу унаалар менен жүрүүгө көнүп калганын Рысбек аттуу айдоочу билдирди. Ал жол кырсыктын баары оң рулдуу унаалардын айынан болуп жатат деген сөздөргө кошулбайт. Кырсыктын болуп, болбошу айдоочунун жоопкерчилигинен көз каранды деп эсептейт.

«Жол кырсыктары көбүнчө эмне үчүн болот? Айдоочунун шалаакылыгы, тажрыйбасынын жоктугу, жаш балдардын айдаганы, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандары үчүн болушу мүмкүн. Ошондуктан бул жакта оң рул, сол рул деп бөлбөө керек. Мыйзамды киргизердин алдында элдин камын ойлоо абзел».

Дагы бир айдоочу Анарбек оң рулдуу таксилерди тыюу демилгесин колдобойт. Анын пикиринде, такси кызматын аткарган, элди ташыган унаалардын көбү оң рулдуу болгондуктан жол кырсыктары да ушул унаалар менен көп катталууда.

«Мисалы, өлкөдө жалаң «КаМАЗ» жүрсө, анда «КаМАЗдардын» жол кырсыгы катталат. Эгерде жалаң автобус жүрсө, анда автобустардын жол кырсыгы катталат. Айдоочунун айдаганынан эле көз каранды. Жол кырсыктары оң рулдуу унааларга чейин деле катталып келген да».

Айдоочулардын айтымында, сол рулдуу унаалар менен алыскы аймактарга жүргүнчү ташуу кыйын. Себеби мындай унаалар ага ылайыкталган эмес. Ал эми оң рулдуу унаалар сапаттуу келип, алыскы аймактарга тез-тез каттап турганга ыңгайлуу болот. Мындан улам облустарга каттаган сол рулдуу таксилер жокко эсе.

Султанбек аттуу айдоочу ушул күндөрү сол рулдуу унаалар кымбат болуп жатканын айтты. Ал азыркы кризис учурунда жөнөкөй жумуштарда иштеп жаткан жарандарга чоң каражатка унаа сатып алуу кыйынга туруп жатканын белгилейт.

«Өлкөдө завод-фабрикалар жок болсо, башка жумуш орундар да жетишсиз болуп жатпайбы. Учурда элдин негизги тиричилиги – оң рулдуу унаалар. Сол рулдуу унааларды минип көрдүк, кымбат болуп жатат аябай. 20-30 миң долларга унааны таксиге эч ким албайт. Жогорку Кеңештеги депутаттар жана тиешелүү органдар бул маселени ойлошу керек. Аларда акча көп болгондуктан, айта беришет. А элдин жумушсуз калары же ачка калары кызыктырбайт да».

Такси айдоочуларынын арасында унаасын насыяга алгандар да көп. Каттамдан тапкан акчасынын бир тобун банкка төгүп, калганына жан багып келишет. Буга байланыштуу оң рулдуу таксилерге чектөө киргизүүгө каршы болушууда. Эгер кабыл алдырабыз дешсе, айдоочулар көтөрүлүп, митингге чыга тургандарын эскертишти.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев жол кырсыктарынын негизги себеби унаалардын санына жана автомектептерде айдоочулардын сапатсыз даярдалышына байланыштуу болуп жатканын билдирди. Ал мониторингдин негизинде алыскы аймактарга каттаган оң рулдуу таксилер жол кырсыктарына көп кабылары аныкталганын белгилеп өттү.

Исаев учурда мыйзам долбоору даярдалып жатканын, жакын арада коомдук талкууга коюлуп, элдин сунуш-пикири да эске алынарын маалымдады.

«Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлганда бардык жарандын сунуш-пикири эске алынат. Анткени «Ош-Бишкек» жолундагы унаалардын кыймылына анализ жүргүзгөндө, оң рулдуу унаалар кабылган жол кырсыктарынын кесепетинен 5 же андан көп адам каза болгон учурлар эске алынып калат. Оң рулдуу унаалар кабылган кырсык бүгүнкү күндө көп болуп жатат».

Быйыл үч ай ичинде Кыргызстанда жалпысынан 1366 жол кырсыгы катталган. Анын 456сына оң рулдуу унаанын айдоочусу кабылган. Жол кырсыктан каза тапкан 110 адамдын 38инин өлүмүнө оң рулдуу унаа себеп болгон.

Ал эми таксилердин 75%ын оң рулдуу унаалар ээлейт. Эгер мыйзам долбоору колдоо тапса, миңдеген айдоочунун ишсиз калуу коркунучу бар.

Copyright © 2017 Maral FM