Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун Азербайжанга сапарынын алкагында 8 документке кол коюлду

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 687 | 0

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгын өркүндөтүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга, Кыргызстан менен Азербайжан мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Мындан тышкары төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. «Аба каттам жөнүндө» КР Министрлер кабинети менен АР Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу;
  2. «Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө» эки мамлекеттин Айыл чарба министрликтеринин ортосундагы макулдашуу;
  3. Кызматташуу жөнүндө эки өлкөнүн Финансы министрликтеринин ортосунда меморандум;
  4. «Байланыш жана маалыматтык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө» КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен АР Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда меморандум;
  5. КР Монополияга каршы кызматы менен АР Монополияга каршы жана керектөө рыногун көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  6. «Интеллектуалдык менчикти коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө» КР Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен АР Интеллектуалдык менчик агенттигинин ортосунда меморандум;
  7. КР Мамлекеттик башкаруу академиясы менен АР Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум;
  8. КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен «Азербайжан телекөрсөтүү жана радиоуктуруу» жабык акционердик коомунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.

Copyright © 2017 Maral FM